Биз менен байланышыңыз

Казакстан жарандары Түштүк Кореяда 30 күн визасыз жүрө алат

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Мар 2022 | 482 | 0

1-апрелден тарта Казакстан менен Түштүк Корея өкмөттөрүнүн виза талаптарын алып салуу боюнча макулдашуусу кайра жанданат.  Бул тууралуу Казакстандык Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Күчүнө кайра кирген макулдашууга ылайык, эми казак жарандары Түштүк Корея өлкөсүндө 30 күн визасыз жүрө алышат.

Кореянын эрежеси боюнча визасыз кирген чет элдиктер өлкөдөн чыгарына 24 саат калганда K-ETA сайты аркылуу бийликтен уруксат сурашы керек. Эгер бийлик уруксат бербесе, аэропорт кызматкерлери жүргүнчүнү учактан түшүрүп салууга аргасыз болот.

Айта кетсек, Түштүк Корея 2020-жылы коронавирус илдетине байланыштуу буга чейинки макулдашууларды белгисиз мөөнөткө токтотуп, чек араларын жапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM