Биз менен байланышыңыз

Президент: Тышкы коркунучтар өзгөчө кооптондурат

Кыска кабар | 31 Мар 2022 | 582 | 0

Президент Садыр Жапаров 31-мартта өткөн «Калкан — 2022» атайын тактикалык машыгуусунан кийин сөз сүйлөп, Кыргызстан дайыма тынчтык жана ынак коңшулук саясатын жүргүзөрүн билдирди.

Ал Борбор Азия өлкөлөрүндөгү, айрыкча Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу террордук жана диний-экстремисттик коркунучтар жогорку деңгээлде сакталып турарын айтып, бул өзгөчө кооптонууга алып келерин белгиледи.

Бул өңүттөн алып караганда, ар түрдүү коркунучтарга ыкчам жооп кайтарууга жөндөмдүү болгон улуттук коопсуздукту камсыздоо тутумун өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу зарылдыгын айтты.

«Биз коркунучтардын алдын алуу аракетин коңшу өлкөлөр менен биргеликте жүргүзүшүбүз керек деп эсептейбиз. Укук коргоочулар менен атайын кызматтар эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрүн жана экстремисттик агымдардын жактоочуларын аныктоону жана зыянсыздандырууну улантышууда. Бүгүнкү машыгуу – ыкчам, маалыматтык-аналитикалык, командалык-штабдык жана уюштуруучулук-тактикалык кылдат иштин жыйынтыгы. Машыгуулар өлкөнүн улуттук коопсуздугуна болгон бардык коркунучка карата адекваттуу жооп кайтаруу чараларын көрүүгө даярдыгыбызды тастыктайт», — деди Садыр Жапаров.

Бүгүнкү машыгууларда Кыргызстанда алгач ирет учкучсуз учуучу аппараттардын, көп максаттуу автоунаалардын жана курал-жарак менен техникалардын, дагы башка заманбап каражаттар колдонулду.

Copyright © 2017 Maral FM