Биз менен байланышыңыз

Украина менен Польша Беларуска чек арасын жабышы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Мар 2022 | 241 | 0

Украина Польша менен Беларуска чек араны жабуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Украинанын Польшадагы элчиси Андрей Дещица билдиргенин МediaBrest жазды.

Анын айтымында, сунуш Польша өкмөтүнө жана Инфраструктура министрлигине жөнөтүлгөн.

Элчи маалымдагандай, Украина Беларусь-Польша чек арасын толук жабууга жетишүүнү каалайт. Ушундай эле кайрылуу Литва, Латвия, Эстония өлкөлөрүнө да жасалып, Беларусь жана Орусия үчүн чек араларын жабууну өтүнгөн.

Элчи Дещица чек араларды жабуу чечими улуттук деңгээлде кабыл алынса, андан кийин Евробиримдиктин чечимин күтүүнүн кереги жок деген ишенимде.

Эске салсак, февраль айынын аягында Украинанын Жогорку Радасына «Украинанын улуттук кызыкчылыктарын, аймактык бүтүндүгүн, эгемендигин коргоо үчүн Беларусь менен чек араларды толук жабуу жөнүндө» мыйзам долбоору сунушталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM