Биз менен байланышыңыз

Самидин Атабаев муфтийдин орун басары болуп дайындалды

Кыска кабар | 31 Мар 2022 | 341 | 0

Жоробай ажы Шергазиев башка кызматка өткөнүнө байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары кызматынан бошотулуп, анын ордуна Самидин кары Атабаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка муфтий Замир кары Ракиев кол койду.

Атабаев Самидин Абдираимович 1973-жылы 27-декабрда Өзгөн районунун Комсомол айылында туулган.

Диний да, светтик да жогорку билимге ээ: 1991-1995-жылдары Кыргызстан Ислам институтунда, 2002-2006-жылдары Орусия Ислам университетинде, 2011-2016-жылдары Ош мамлекеттик юридикалык институтунда окуган.

Эмгек жолун 2006-жылы Өзгөн районундагы «Абдираим кары» медресесинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуу менен баштаган.

2008-2010-жылдары Өзгөн районундагы «Имам Аль-Бухарий» Ислам институтунун окуу иштери боюнча проректору, 2010-2015-жылдары Өзгөн районунун башкы имам хатиби, 2015-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Ош облусунун казысы кызматтарын аркалаган.

Самидин кары Атабаев 1999-жылы Москва шаарында өткөн Куран жарышында 3-орунду, 2002-жылы Татарстанда өткөн Куран жарышында 1-орунду, 2003-жылы Москва шаарында өткөн Куран сынагында 1-орунду алган. 2015-жылы «Ош шамы» гезити «Жылдын мыкты жетекчиси» деп тапкан.

Андан тышкары бир нече «Ардак грамота», «Ыраазычылык баракча» менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, эки уул, үч кыздын атасы.  Орус, түрк, өзбек, араб тилдеринде эркин сүйлөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM