Биз менен байланышыңыз

Дубайда Кыргызстандын павильону эң мыкты деп табылды

Кыска кабар | 31 Мар 2022 | 338 | 0

Бириккен Араб Эмираттарында ЭКСПО-2020 Дубай дүйнөлүк көргөзмөсү аяктап жатат. Анда Кыргызстандын павильону эң мыкты павильондордун бири деп табылды. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын павильону Theme Development категориясындагы «Мүмкүнчүлүк» тематикалык кластеринде 40тан ашык өлкөнүн ичинен үчүнчү орунду жеңип алган.

Калыстар тобуна көргөзмөнү уюштуруу комитетинин, Дүйнөлүк көргөзмө бюросунун өкүлдөрү, абройлуу басылмалардын редакторлору, белгилүү дизайнерлер, ошондой эле фотографтар кирген.

Буга чейин комиссия катышуучу мамлекеттердин ар биринин павильонун кыдырып, жарыяланган концепциясынын бардык деталын, аны ишке ашыруудан тартып мазмунуна чейин баалаган.

Сыйлык тапшыруу аземинде жалпысынан 192 өлкөдөн катышкан павильондун ичинен 25 павильон сыйлык алды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM