Биз менен байланышыңыз

3-апрелде Бишкекте велосезон ачылат

Кыска кабар | 31 Мар 2022 | 274 | 0

3-апрелде борбор калаада велосезон ачылат. Ага байланыштуу саат 10:00дөн 10:25ке чейин Аалы Токомбаев көчөсүнүн Нуркамал Жетикашкаева көчөсүнөн Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркына чейинки бөлүгү жабык болорун Бишкек мэриясы эскертти.

Жарыш Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө арналып, «Сергек жашоо – дени сак муун» аталышында өткөрүлөт.

Ачылышты Бишкек мэриясы, шаардык кеңеш жана Velo friends positive kg бейөкмөт уюму биргеликте уюштурууда.

Иш-чаранын алкагында ар кандай сынактар өткөрүлүп, катышуучуларга атайын белектер берилет.

Велосипед тебүү боюнча кошумча маалыматты төмөнкү номерлер аркылуу алса болот:

— 0558 686 868 — Velo Friends Positive KG бейөкмөт уюмунун президенти Даниил Кыдыралиев;

— 0505 709-907 — Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери башкармалыгынын тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Канат Маматов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM