Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан-Германия ишкерлер кеңешин да Акылбек Жапаров жетектейт

Кыска кабар | 31 Мар 2022 | 554 | 0

Кыргызстан-Германия ишкерлер кеңеши түзүлүп, анын кыргыз тарабын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектей турганы белгилүү болду. Бул маалымат тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Германия канцлердик аппаратынын эл аралык департаментинин директорунун орун басары Кристиан Аулбахтын жолугушуусунда айтылды.

Эки тараптуу жолугушууда кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланып, аны жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн документтерге кол коюунун мааниси баса белгиленди. Ошондой эле инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн аймактар аралык транспорттук-логистикалык долбоорлорду кароо зарылдыгы айтылды.

Андан тышкары энергиянын кайра жаралуу булактарына өтүү боюнча тажрыйба жүзүндө кызматташуу мүмкүнчүлүгү, Кыргызстан-Германия каржылык-техникалык долбоорлорун жүзөгө ашырууну калыбына келтирүү, демократиялык институттарды чыңдоого багытталган реформаларга эксперттик-консультациялык колдоо көрсөтүү, билим берүү жана медицина тармагында иштешүү, Кыргызстан жарандарына виза режимин жеңилдетүү маселелери каралды.

Айта кетсек, 2021-жылдын 19-октябрында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргызстандын Германиядагы ардактуу консулдарын кабыл алып, анда эки өлкө ортосунда ишкердик кеңеш түзүү маселеси талкууланган.

Кыргызстан-Германия ишкерлер кеңеши түзүлөт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM