Биз менен байланышыңыз

Бүгүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу аяктайт

Кыска кабар | 31 Мар 2022 | 358 | 0

Бүгүн, 31-мартта бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Салык органдары декларацияны түнкү саат 12:00гө чейин кабыл алышат.

Жеке адамдар декларацияны кагаз жүзүндө же электрондук түрдө, ал эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле жеке ишкерлер электрондук түрдө гана тапшыра алышат.

Декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

– мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;

– жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде иштегендер;

– салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн же жер тилкенин (короо-жайдан башка) ээлери;

– юридикалык жакты түзбөй иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар.

Айта кетсек, жеке жактар бирдиктүү салык декларациясын 1-марттан тарта тапшыра баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM