Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров дагы бир кеңешке жетекчи болду

Кыска кабар | 31 Мар 2022 | 433 | 0

Министрлер кабинети Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш түзүү чечимин жактырды.

Маалым болгондой, бул кеңешти министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектейт.

Кеңештин негизги максаты макроэкономикалык жана инвестициялык саясат аркылуу туруктуу экономикалык өнүгүүнү шарттоо болуп саналат.

Жыйындын жүрүшүндө Министрлер кабинети 10дон ашуун чечим кабыл алганы кабарланды.

Акылбек Жапаров жыйында: «Белгилүү болгондой, Министрлер кабинетинин алдына чоң милдеттер коюлган. Биринчи кезекте билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык коргоо кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын аткаруу болуп саналат. Мындан тышкары экономикалык реформаларды жүргүзүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, өнөр жай жана инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Мамлекеттик башкаруу тутумунда натыйжалуулук, чечимдердин сапаттуу жана ыкчам кабыл алынышы талап кылынат», — деди.

Министрлер кабинетинин чечими менен Ысык-Көл облусунун Тамчы айылындагы өткөрүү пункту, бажы көзөмөлү, «Ысык-Көл» аэропорту күнү-түнү иштей турган болду.

Copyright © 2017 Maral FM