Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Каза тапкандар катталган жок

Кыска кабар | 31 Мар 2022 | 283 | 0

31-мартка карата коронавирус 12 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Алардын 10у Бишкек шаарында, экөө Чүй облусунда катталган.

Акыркы суткада 7 адам илдеттен сакайып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда 84 бейтап, амбулатордук түрдө 66 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 935 адам коронавирус жугузган. Алардын ичинен 196 миң 213 адам айыгып чыкса, 2 миң 988 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM