Биз менен байланышыңыз

Казакбаев орус-украин мамилеси тууралуу Deutsche Welle басылмасына маек берди (видео)

Кыска кабар | 30 Мар 2022 | 413 | 0

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германиянын Deutsche Welle басылмасына маек берди.

Маектин жүрүшүндө министр Руслан Казакбаев Кыргызстан Украинадагы согуш боюнча калыс позицияда экенин белгилеп, тараптар дипломатиялык жол менен маселени чечүүсү зарыл деп эсептейт. Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн форматы эскирген болсо, анда жаңы сүйлөшүү жолдорун издеп көрүүгө мезгил жеткенин айтат. Ал эми орус-украин мамилесин жөнгө салууда Түркиянын аракетин да жогору баалады.

Мындан сырткары Казакбаев Орусияга салынган санкциялардын кесепети Кыргызстанга да тийгенин, айрыкча күйүүчү май жана тамак-аш Орусия тараптан импорттолгондуктан, өлкөдө баалар өскөнүн да айтып өттү.

Ал эми Кыргызстан учурда тышкы саясатта Евробиримдик менен кызматташууга маани берилерин, анын ичинен эң ишенимдүү өнөктөш Германия экенин белгиледи. Ошол эле учурда журналисттин «Кыргызстан Орусия менен да, Германия менен да стратегиялык өнөктөш» деп айттыңыз, бирок азыр Германия менен Орусиянын мамилеси татаалдашкан абалда. Сиздин өлкө муну сезип жатабы же экөө менен тең жакшы мамиле уланып жатабы?» – деген суроосуна, «Биз Орусия менен да, Германия менен да мамилелерибизди жакшы сактап, тереңдетүүгө аракет кылабыз. Тигини же муну тандоо керек деген маселе турбашы керек. Андай нерсе азыр бизде жок. Чынын айтсам, санкциялардын таасирин сезип жатабыз, Украинадагы абал батыраак жөнгө салынуусун каалайбыз жана тынчтыктын тарапташыбыз. Азыр өлкө «туура» жана «туура эместер» болуп экиге бөлүнүү алдында турат. Биз дүйнөлүк коопсуздуктун бүтүн болушун жактайбыз», – деп жооп берген.

Ошондой эле Казакстандагы соңку окуялар, Ооганстандагы «Талибан» бийлиги тууралуу да пикирилерин билдирген.

Белгилей кетсек,  тышкы иштер министри Руслан Казакбаев учурда Германияда жумушчу сапары менен жүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM