Транспорт прокуратурасы «Унаа» мамлекеттик мекемесине атайын текшерүү жүргүзүп, бир катар кылмыштык жагдайларды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Тагыраагы, мекеменин кызмат адамдары Sigma Compact-200 мобилдик асфальт заводун КНС төлөбөгөнүнө, Бажы кызматы шарттуу чыгарганына карабастан, мыйзамсыз каттоодон өткөргөн. Мунун натыйжасында мамлекетке 7 млн 803 миң 165 сом зыян келген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануусу) менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.