Марал Радиосу

Прокуратура: «Унаа» мекемеси мамлекетке 7,8 млн сом зыян келтирген

Транспорт прокуратурасы «Унаа» мамлекеттик мекемесине атайын текшерүү жүргүзүп, бир катар кылмыштык жагдайларды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Тагыраагы, мекеменин кызмат адамдары Sigma Compact-200 мобилдик асфальт заводун КНС төлөбөгөнүнө, Бажы кызматы шарттуу чыгарганына карабастан, мыйзамсыз каттоодон өткөргөн. Мунун натыйжасында мамлекетке 7 млн 803 миң 165 сом зыян келген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануусу) менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Exit mobile version