Connect with us

Бишкекте Финансы-экономика техникумунун жатаканасынан өрт чыкты

Кыска кабар | 30 Мар 2022 | 477 | 0

Бишкек шаарынын Жаш Гвардия бульварында жайгашкан Финансы-экономика техникумунун жатаканасынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт 3-кабаттан чыккан. Тилсиз жоо саат 14:29да чектөөгө алынып, саат 15:26да толук өчүрүлгөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда, эки адам түтүнгө уугуп, эки адам бутунан жаракат алган. Аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Андан тышкары куткаруучулар ичинде калган эки аялды жана эки жаштагы бир кызды чыгарып кетишкен.

Учурда өрттүн себеби такталып, келтирилген чыгым эсептелип жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM