Connect with us

Атай Бейшенбек жарыялаган документ боюнча мэрия комментарий берди

Кыска кабар | 30 Мар 2022 | 291 | 0

Жарандык активист Атай Бейшенбек «Фейсбук» баракчасына Бишкек мэриясынын кайрылуусун жарыялап, андагы жазылгандарды айыптап чыкты.

Айта кетсек, мэриянын аппарат башчысы Азиз Садырбековдун колу коюлган бул кайрылуу борбордогу район акимдерине, мэрияга караштуу мекемелердин жетекчилерине жолдонгон.

Анда кызматкерлерге бийликти сындаган жаңылыктарга лайк басып, бөлүшпөөгө чакырык жасалып, «Муниципалдык кызматкерлердин ичинен колдонуучулар өздөрүнүн этиятсыз аракеттеринен улам мамлекеттик саясатты ишке ашыруусуна көлөкө түшүрүшү мүмкүн», — деп эскертилген.

Жогорудагы Атай Бейшенбектин сынына Бишкек мэриясы комментарий берип, бул жөн гана сунуш экенин айтты.

«Бул сунуш жарандарды адаштыруучу жалган маалыматтардын алдын алуу максатында шаардык кызматтарга жөнөтүлгөн. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамдын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн 16-пунктуна ылайык, муниципалдык кызматкерге өзүнөн жогору турган органдын же кызмат адамынын аракеттерин эл алдында айыптоого тыюу салынат. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган чектөөлөрдү сактабоо кызмат ордунан бошотуу жазасын колдонууга негиз болуп саналат», — деди мэриянын басма сөз кызматы.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM