Биз менен байланышыңыз

Бишкек: 2-апрелде жалпы ишембилик өтөт (видео)

Кыска кабар | 30 Мар 2022 | 329 | 0

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров борбордун тургундарын 2-апрелде өтө турган жалпы ишембиликке катышууга чакырды. Кайрылууну мэриянын басма сөз кызматы жарыялады.

Калаа башчысы борбордун тазалыгына кайдыгер карабай, ишембиликке жигердүү катышып берүүнү өтүндү. Андан тышкары муниципалитеттин кызматкерлери жалпы тазалоо өнөктүгүнө даяр экенин, «Тазалык» кызматы таштандыларды өз убагында жыйнап кетүү милдетин аларын айтты.

Муну менен бирге «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында шаар аймактарында бак-дарак отургузуу иштерине басым жасалып, Бишкекти мурдагы «жашыл шаар» атагын кайра кайтарып берүүгө аракет көрүлүп жатканын билдирди.

Ошондой эле таштандыны, жалбырактарды өрттөөгө тыюу салынганын, андан чыккан түтүн аба ырайына, адамдын ден соолугуна зыян экенин эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM