Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 4-апрелден тарта жылуулук өчүрүлөт

Кыска кабар | 30 Мар 2022 | 169 | 0

Бишкек шаарында 4-апрелден тарта жылуулук өчүрүлөт. Мындай чечим күз-кыш мезгилин өткөрүү боюнча ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынганын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Гидрометеорология департаментинин маалыматына караганда, 31-марттан баштап абанын орточо суткалык температурасынын жогорулашы күтүлүп жатат, кескин суук болбойт.

Жылуулукту өчүрүү абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болгондо башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM