Биз менен байланышыңыз

Бишкек: 11-кичирайонго көп кабаттуу унаа коюучу жай салуу пландалып жатат

Кыска кабар | 30 Мар 2022 | 244 | 0

11-кичирайондогу гараждардын ордуна көп кабаттуу унаа коюучу жай салуу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, биринчи кезекте аймакты гараждардан бошотуу шаардыктардын кызыкчылыгына жана унаа тыгындарын жоюуга багытталган.

Белгилей кетсек, 2017-жылы сот гараж ээлерине эскертүү берген. Алар гаражын бузууга убада берип, бирок талап аткарылган эмес. Буга байланыштуу көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча шаардык инспекция гараждарды алуу иштерин баштады.

1972-жылы Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн тургундарына унаа токтотуу үчүн гараж салууга уруксат берилген. Мунун негизинде 11-кичирайонго 3400 унаага эсептеп, 1,5 гектар аянт бөлүнгөн. Андан кийин №20 гараж-курулуш кооперативи (ГСК) уюштурулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM