Биз менен байланышыңыз

Орусия аба каттамдарына чектөөлөрдү 7-апрелге чейин узартты

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Мар 2022 | 529 | 0

Федералдык аба транспорту агенттиги Орусиянын түштүк жана борбордук бөлүгүндөгү 11 аэропортко киргизилген убактылуу чектөө режими узартылганын жарыялады.

«Орусиянын Анапа, Белгород, Брянск, Воронеж, Геленджик, Краснодар, Курск, Липецк, Ростов-на-Дону, Симферополь жана Элиста аэропортторунун каттамдарына убактылуу чектөө 7-апрель Москва убактысы боюнча саат 03:45ке чейин узартылды», — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми Орусиянын калган аэропорттору, анын ичинде эл аралык аэропорттор да кадимки шартта иштеп жатканы баса белгиленди.

Ошондой эле агенттик авиакомпанияларга кошумча каттамдарды ачууну жана чектөөсүз иштеген Сочи, Волгоград, Минеральные Воды, Ставрополь жана Москва аэропортторуна түз жүргүнчү каттамдарын киргизүүнү сунуштады.

Эске салсак, Аба транспортунун федералдык агенттиги 24-февралда Орусия Украинага «аскердик операция» баштагандан кийин түштүк аймактарындагы каттамдарга чектөө киргизген. Андан бери бул чара бир нече жолу узартылган.

Copyright © 2017 Maral FM