Connect with us

Жыл башынан бери 17 миңден ашык ишкер ККМ колдонууга өттү

Кыска кабар | 30 Мар 2022 | 435 | 0

Жыл башынан бери 17 миң 68 ишкер көзөмөл-кассалык машина колдонууга өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

«Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 44 миң 803 көзөмөл-кассалык машина колдонулууда, анын ичинен 22 миң 239 – аппараттык жана 22 миң 564 – программалык ККМ», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда аппараттык жана программалык ККМ колдонулат.

Аппараттык ККМ – бул маалыматтарды онлайн өткөрүп берүү модулу бар фискалдык эс тутуму менен кадимки кассалык аппарат.

Программалык KKM – тиркеме түрүндө болот, смартфонго, планшетке же компьютерге бекер орнотулат. Бул аппараттык ККМдин эң жеткиликтүү атаандашы болуп саналат. Керектөөчүлөргө чек берүү үчүн ишкерге чек басып чыгаруучу принтер сатып алуу жетиштүү.

Программалык ККМди Play Маркет («Онлайн ККМ» тиркемеси) аркылуу смартфонго бекер жүктөп алууга болот. Аппараттык KKMди техникалык тейлөө борборлорунан алууга болот.

Белгилей кетсек, «Керемет Банк», «РСК Банк» жана «Айыл Банк» POS-терминалы бар заманбап ККМди акысыз берип жатат.

Ошондой эле каттоодон өтүү жана ККМди алуу үчүн иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына арыз менен кайрылуу зарыл.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM