Жогорку Кеңеш 30-марттагы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды.
Анын талапкерлигине 68 депутат добуш берди.
29-мартта парламенттин тармактык комитети Төрөбаевдин талапкерлигин карап, колдоп берген. Ал экономиканын реалдуу секторун көзөмөлдөйт.
Президент Садыр Жапаров 28-мартта Жогорку Кеңештеги «Ата Журт-Кыргызстан» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу кылып дайындалган.
Өмүр баяны
Бакыт Төрөбаев 1973-жылы 5-апрелде Жалал-Абад шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетин финансы жана кредит адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 1995-жылы АЗС курууга жана күйүүчү май сатып өткөрүү менен алектенген өндүрүштүк-коммерциялык «Жамиля жана К» фирмасында директор болуп иштөөдөн баштаган.
1998-1999-жылдары айыл чарба продукциясын өндүрүүчү «Азия-Сузак» чарбасынын төрагасы, ал эми 2000-2007-жылдары «Мариям» ун комбинатынын башкы директору болуп эмгектенген.
2007-2009-жылдары Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты, 2009-2010-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министри болгон.
2010-жылы «Республика» саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышына депутат болуп шайланган.
«Республика» парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, 2013-жылдын мартынан баштап «Өнүгүү-Прогресс» депутаттык тобунун лидери болгон.
2015-2021-жылдары Жогорку Кеңештин VI чакырылышына «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат болгон. 2021-жылдан бери «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты, көпчүлүк коалициянын жетекчиси болуп турду.