Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстан Тажикстанга 0:1 эсебинде утулуп калды

Кыска кабар | 29 Мар 2022 | 827 | 0

Бүгүн, 29-мартта Navruz Cup 2022 эл аралык мелдешинин алкагында Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Тажикстандын командасы менен оюн өткөрүп, 0:1 эсебинде утулуп калды. Оюнду Өзбекстан футбол федерациясы түз алып көрсөттү.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 16:30да башталды. Эки команда Navruz Cup-2022 мелдешинин үчүнчү оруну үчүн таймашты.

Турнир 25-29-март күндөрү Наманган шаарында өтүп, ага Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Тажикстан жана Уганданын командалары катышууда.

Кыргызстандын курама командасы мелдештин жарым финалында Өзбекстандын оюнчулары менен беттешип, 3:1 эсебинде утулуп калган. Ал эми Уганда Тажикстанды 5:4 эсебинде уткан.

Белгилей кетсек, мелдештин жобосуна ылайык, командалар плей-офф баскычында кез келип, жарым финалдык беттештер ойнолот. Жеңген командалар финалда, жеңилгендер үчүнчү орун үчүн беттешет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM