Биз менен байланышыңыз

Соцфонддун кирешеси артты: Пенсия менен жөлөк пул көбөйөт

Коом | 29 Мар 2022 | 3888 | 0

2022-жылдын 1-октябрынан баштап пенсияны 1 миң 800 сомго көтөрүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу 29-мартта Бишкекте өткөн маалымат жыйында социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары Теңизбек Абжапаров билдирди. Аны менен бирге томолой жетимдердин жөлөк пулу да үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта 6000 сом болгонун маалымдады. 2021-жылы Социалдык фонддун жалпы кирешеси 62 млрд 554 млн сомду түзгөн. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 6 млрд 500 млн сомго көп экени айтылат.

Пенсиянын өлчөмүн көтөрүү максатында Социалдык фонд өз эсептөөлөрүн жүргүзүп, Министрлер кабинетине тиешелүү документтерди жиберген. Пенсиянын орточо өлчөмү январь айына карата 6 миң 100 сом болуп аныкталган.

Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары Теңизбек Абжапаров октябрдан баштап пенсияны 1 800 сомго көтөрүү маселеси каралып жатканын кабарлады.

«Бүгүнкү күндө Социалдык фонд эсептөөлөрдү жасадык. Министрлер кабинетине берип, Каржы министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. 1-октябрдан тарта пенсияны көбөйтөбүз. 1-январга пенсиянын орточо өлчөмү болжолдуу 6100 сом болуп жаткан болсо, биздин азыркы эсептөөлөр боюнча 1-октябрдан 1800 сомго көбөйтүү каралып жатат. Октябрга чейин убакыт бар. Камсыздандыруу төлөмдөрүн Салык кызматы жыйнайт. Социалдык фонд андан сырткары Каржы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттен каржыланат. Ошолордон түшкөн өлчөмүнө карап, бул маселеге дагы кайтабыз. Азырынча болжолдуу эсеп менен орточо пенсияны 1800гө көбөйтөбүз деген планыбыз бар».

Ошону менен бирге президент Садыр Жапаровдун буйругунун негизинде 2021-жылдын 1-октябрынан тарта томолой жетим балдардын жөлөк пулу көтөрүлгөн. Андан соң ушул жылдын 1-январында дагы көбөйтүлүп, учурда алар 6000 сомдон алышууда.

«Атасынан же апасынан айрылып калган балдар ата-энесинин пенсиясын алышат. Булардын пенсиясын 1-октябрдан тарта 1500 сомго жеткирдик. Бул жаатта Министрлер кабинетинин буйругу чыккан. Ошонун негизинде бирөөсүнөн айрылган балдардын пенсиясынын базалык бөлүгүн 2000 сомго жеткирдик. Ошол эле убакта экөөнөн бирдей айрылган балдардын пенсиясын 1-октябрдан тартып 3000 сомго жеткирдик. 2022-жылдын 1-январынан баштап, экөөнөн тең айрылган балдардын пенсиясын 6000 сомго жеткирдик».   

Социалдык фонд санариптешүү максатында жарандар үчүн атайын жеке кабинет уюштурган. Анда жарандар пенсия курагынан мурда эле арызын жазып, тиешелүү документтерин сайтка жүктөп, пенсияга чыга алышат. Бирок Теңизбек Абжапаров жарандардын маалыматы жетишсиз болуп, жеке кабинет анча колдонулбай жатканын билдирди.

«Жеке кабинет иштеп жатат. Социалдык фонддун сайтына кирип, ошол жерге пенсия курагына келерден 6 ай мурун кайрылса болот. Кайрылууда электрондук түрдө арыздарын алып, аны менен пенсиясын чектеп бергенге мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок бардык жаран колдонбой жатат, балким айыл жерлеринде андай санариптештирүү жоктур. Интернет бар жерде кирип, кайрылгандар бар. Анын негизинде пенсия чектеген учурларыбыз да бар. Эми жаңы реформалоонун багытында биз бул маселени күчтөнттүк. Жарандар менен Социалдык фонддун кызматкерлери бири-бирин көрбөй, паспорттун негизинде базабыздан маалыматтарды алып чыгып, мыйзамга өзгөртүүлөрдүн киришинин негизинде пенсияны чектөөгө мүмкүнчүлүк пайда болот».

Социалдык фонддун жалпы кирешеси 2021-жылы 62 млрд 554 млн сомду түздү. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 6 млрд 500 млн сомго көбүрөөк, тактап айтканда, каражат 111,6 пайызга көп жыйналган.

Камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча жалпысынан 38 млрд 356 млн сом жыйналган. Пландын аткарылышы 100,5 пайызды түзүп, андан мурунку жылга салыштырмалуу 5 млрд 180 млн сомго өсүш болду. 2021-жылдын жыйынтыгы менен Соцфонд Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун 2 млрд 742 млн сомго, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондун 212 млн сомго каржылады.

1-октябрдан тарта пенсияны көтөрүү каралып жатат

Copyright © 2017 Maral FM