Биз менен байланышыңыз

1-октябрдан тарта пенсияны көтөрүү каралып жатат

Кыска кабар | 29 Мар 2022 | 1425 | 0

2022-жылдын 1-октябрынан баштап пенсияны 1 миң 800 сомго көтөрүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу 29-мартта өткөн маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары Теңизбек Абжапаров билдирди.

Соцфонд эсептөөлөрдү жасап, Министрлер кабинетине документтерди жиберген. Пенсиянын орточо өлчөмү январга карата 6 миң 100 сом болуп турса, алдын ала эсептөөлөр боюнча, октябрдан баштап пенсияны 1 миң 800 сомго көтөрүү маселеси каралууда.

«Азырынча каралып жатат, октябрга чейин убакыт бар, кирешеге карап, бул көрсөткүчкө кайра кайтабыз», — дейт Теңизбек Абжапаров.

Социалдык фонддун жалпы кирешеси 2021-жылы 62 млрд 554 млн сомду түздү. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 6 млрд 500 млн сомго көбүрөөк, башкача айтканда, каражат 111,6 пайызга көп жыйналган.

Камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча жалпысынан 38 млрд 356 млн сом жыйналган. Пландын аткарылышы 100,5 пайызды түзүп, андан мурунку жылга салыштырмалуу 5 млрд 180 млн сомго өсүү болду. 2021-жылдын жыйынтыгы менен Соцфонд Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун 2 млрд 742 млн сомго, эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондун 212 млн сомго каржылады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM