Биз менен байланышыңыз

АКШ: Пенсильванияда кырсык болуп, 60тан ашуун унаа талкаланып калды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Мар 2022 | 1108 | 0

Бүгүн, 29-марттын таңында АКШнын түндүк-чыгышындагы Пенсильвания штатынын кан жолунда чоң кырсык болду. Борошодо жолду көрбөй калган айдоочу оор жүк ташуучу унаасы менен бир нече унааны сүзүп барып, жолду бөгөп туурасынан туруп калган.

Айрымдары жолду тоскон унаага чарпылса, айрымдары буйтап өтөбүз деп, жолдон чыгып кетишкен. Кырсыктан 55 жүк ташуучу унаа, 11 жеңил унаа талкаланып, айрымдары өрттөнгөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктан үч адам каза тапкан. Дагы 20дан ашуун киши оор абалда ооруканага жаткырылган. Аймактын полиция кызматкери каза тапкандар мындан да көп болушу мүмкүн экенин жергиликтүү басылмаларга айтып берген.

Учурда кырсык болгон жерде тез жардам жана куткаруу кызматы, полиция кызматкерлери иштеп жатканы айтылат маалыматта. Жол 18 саатка жабылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM