Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Кытайдын Шанхай шаары карантинге жабылат

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Мар 2022 | 429 | 0

Акыркы эки жылдагы эң чоң блокада Шанхайда жарыяланды. Аймакта бир күндө эле 3,5 миңдей адамдан коронавирус аныкталган. Дээрлик баары симптомсуз, ошентсе да бийлик 25 миллион калкы бар шаарды карантинге алууну чечти. Бул тууралуу «МИР 24» билдирди.

Маалым болгондой, алгач шаардын Пудонг району, андан соң анын жака-белинде кыймыл, иш токтойт. Андан соң Шанхайдын борбору жабылат. Тургундарга ал тургай азык-түлүк дүкөндөрүнө барууга да тыюу салынат. Алар тамак-ашты онлайн тапшырык менен гана алышат.

Аны менен катар өтө маанилүү деп эсептелбеген ишканалар, коомдук транспорт да ишин токтотуп, Хуанпу дарыясы аркылуу шаарга келүүчү бардык каттамга тыюу салынат.

Шаар бийлиги мындай чукул чарага коронавирустун жаңы түрү «стелс-омикрон» штаммынын кескин жайылып кетиши себеп болгонун айтышты. Андыктан калаада коронавируска каршы жапырт тестирлөө кайра жанданат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM