30-мартта түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, Баткен, Талас облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-3, күндүз 8…13;
Талас жергесинде түнкүсүн -2…-4, күндүз 6…11;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;
Бишкекте жаан, кар жашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 10…12 градус болот.