Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин колдоду

Кыска кабар | 29 Мар 2022 | 377 | 0

Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды.

Комитеттин чечими парламенттин кароосуна жиберилет.

28-мартта Жогорку Кеңештеги «Ата Журт-Кыргызстан» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол коюп, кызматка талапкерлигин кароо үчүн Жогорку Кеңешке сунуштады.

Ошол эле күнү Бакыт Төрөбаев Президенттин администрациясынын жамаатына тааныштырды.

Акылбек Жапаров Төрөбаев Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышына депутат болгонун жана өкмөттө иштөө үчүн тийиштүү билимге, тажрыйбага ээ экенин белгиледи.

Мындан тышкары анын алдына азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, өнөр жайды жана реалдуу секторду өнүктүрүү, айыл чарбаны колдоого алуу  боюнча милдеттерди койду.

Copyright © 2017 Maral FM