Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 17 адам илдет жугузуп, 1 адам каза тапты

Кыска кабар | 29 Мар 2022 | 399 | 0

COVID-19 боюнча республикалык штаб 29-мартка карата 17 адамдын коронавирус жугузуп алганы аныкталганын билдирди.

Алардын ичинен 11и Бишкек шаарынан, алтоо Чүй облусунан катталган.

Ошол эле учурда акыркы суткада 12 адам айыгып чыгып, 1 адам каза тапкан.

Учурда 98 бейтап ооруканаларда, 49 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча 200 миң 909 адам коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 196 миң 193 бейтап илдетти жеңип чыгып, 2 миң 986 адам көз жумган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM