Биз менен байланышыңыз

Баткен: Чек ара кызматкерлери кармалды (видео)

Кыска кабар | 29 Мар 2022 | 628 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети чек ара кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюлганын маалымдады.

Алдын ала келип түшкөн маалыматтардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен иш ачылып, иликтөө үчүн УКМК менен Аскер прокуратурасы мекемелер аралык тергөө тобун түзгөн.

Ыкчам иликтөөнүн, тергөөнүн жүрүшүндө Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылындагы «Кадамжай-авто жол» постунун кызмат адамдары өткөрмө пост аркылуу элге керектүү товар ташыган айдоочуларды опузалап, пара алып турганы аныкталган.

Чогултулган далилдердин негизинде айтылган посттун көзөмөлдөөчүлөрү А.Б., А.Н., А.Ж., А.Ж. жана нөөмөт башчысы О.Э., ошондой эле бул коррупциялык схемага аралашкан ортомчу Ж.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Баш коргоо чарасы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралып, камакка алууга өкүм чыккан. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM