Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров калкты жана турак жай фондун каттоого катышты.
Төраганын берген жооптору атайы мобилдик тиркеме аркылуу толтурулду. Ошондой эле ал жарандарды каттоого активдүү катышууга чакырып, бул кампаниянын маанилүү экенин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, калкты жана турак жай фондун каттоо быйылкы жылдын 25-мартында башталып, 3-апрелге чейин созулат. Өлкөнүн алыскы райондорунда каттоо 23-апрелден 2-майга чейин өтөт.