Connect with us

Стандартташтыруу жана метрология борборунун директорлору алмашты

Кыска кабар | 28 Мар 2022 | 220 | 0

Улукбек Карымшаков Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы стандартташтыруу жана метрология борборунун директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Жапаровдун дагы бир буйругу менен борбордун мурдагы директору Султан Ахматов кызматынан бошотулду.

Султан Ахматов бул кызматка 2021-жылдын октябрь айында дайындалган.

Улукбек Карымшаков 2020-жылга чейин финансы министринин орун басары кызматында иштеп, 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин вице-премьер-министр — экономика жана финансы министри, Президенттин администрация башчысынын биринчи орун басары кызматтарын аркалаган. Кийинчерээк Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун башкармалыгына төрага болуп дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM