Connect with us

«Түндүк электрдин» кызматкерлери бюджетке 39 млн сом зыян келтирген

Кыска кабар | 28 Мар 2022 | 488 | 0

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы «Түндүк электр» ачык акционердик коомунун кызмат адамдарына кылмыш иши козголгонун кабарлады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкананын кызматкерлери электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарганы аныкталган. Мындан өлкө казынасы жалпы 39 млн сом зыян тарткан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси менен иш ачылып, шектүү катары «Түндүк электр» ААКнын башкы директорунун мурдагы орун басары Ж.Т.О., Бишкек шаары боюнча энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы С.М.С., Панфилов району боюнча энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы Б.Т.О. кармалган.

Учурда алар тергөө абагында сурак берип жатышканы айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM