Connect with us

Президент өкмөт мүчөлөрү менен жыйын өткөрдү

Кыска кабар | 28 Мар 2022 | 330 | 0

Бүгүн, 28-мартта президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана Президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Анда социалдык-экономикалык кырдаал талкууланды. Садыр Жапаров кризиске каршы чаралардын планын, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана башка социалдык-экономикалык маселелерди чечүүнү тапшырды.

Жапаров мамлекеттик жетекчилерге бир катар конкреттүү тапшырмаларды койгону айтылды. Мындан башка маалымат берилген жок.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM