Бүгүн, 28-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Алматы шаарында Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолукту.
Анда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды өнүктүрүү маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.
Ошондой эле кыргыз-казак дипломатиялык алакасынын түзүлгөнүнө 30 жыл толгон датага карата өткөрүлө турган иштер, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин май айында Кыргызстанга жасай турган сапары талданды.
Муну менен катар эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 2021-жылы 1 млрд АКШ долларын түзгөнүн белгилеген Талант Мамытов: «Бул биз үчүн чек эмес, 2 млрд АКШ долларына чейин жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар. Андыктан алакабызды арттырып, товар алмашуу жаатындагы кызматташтыкты дагы да кеңейтүүбүз кажет. Бул үчүн чек аралардагы өткөрмө жайларын ачып, тоскоолдукту жоюу менен жүктөрдүн жана жарандардын эркин каттамын камсыздоо зарыл. Чек аралар боордош жана өнөктөш өлкөлөр үчүн ачык болуусу өтө маанилүү», — деди.
Андан тышкары Талант Мамытов аймактар жана шаарлар аралык байланышты кеңейтүү маселесине токтолуп, Ош жана Алматы шаарларынын ортосунда боордош шаар алакасын түзүүнү сунуштады.
Айта кетсек, ушу тапта КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 30 жылдыгына карата Казакстандын Алматы шаарында мааракелик отурум өтүп жатат.