Биз менен байланышыңыз

Уилл Смит «Оскар» сыйлыгынын алып баруучусуна кол көтөрдү (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Мар 2022 | 257 | 0

Голливуд актёру жана музыкант Уилл Смит 94-Оскар сыйлыгын тапшыруу аземинде алып баруучу Крис Рокко кол көтөрдү. Салтанатты ABC телеканалы түз алып берип жаткан.

Алып баруучу Крис Рок «Мыкты даректүү тасма» сыйлыгына талапкерлерди жарыялап жатып, Уилл Смиттин жубайы Жада Пинкетт-Смитти «G.I. Jane-2» тасмасынын таз каарманы Деми Мурга салыштырып, «Жада, сени сүйөм, сени «G.I. Jane-2» тасмасында көрүүнү чыдамсыздык менен күтөм», — деп тамашалаган.

Бул сөздөрдөн кийин Уилл Смит сахнага чыгып, Рокту жаакка чаап, жарына тийишпөөсүн эскерткен.

Маалыматка ылайык, Жада Пинкетт-Смит аутоиммундук алопеция дарты менен жабыркап, чачы түшө баштагандыктан, кырдырып салуусуна туура келген. Уилл Смиттин жубайы оорусун көпкө чейин жашырып жүрүп, кийинчерээк ачыкка чыгарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM