Биз менен байланышыңыз

Орусия менен Украинанын өкүлдөрү Стамбулда жолугушат

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Мар 2022 | 1676 | 0

Бүгүн, 28-мартта Режеп Тайып Эрдоган Украина-Орусия мамилесин оңдоо үчүн Түркиянын ортомчулугун талкуулаган өкмөттүк жыйын өткөрөт. Бул тууралуу «РИА Новости» жазды.

Жыйында ортомчулуктан сырткары НАТОнун Брюсселдеги саммити, Түркиянын аймактык сууларына түшкөн миналар тууралуу да сүйлөшүлөрү айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 27-мартта Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Орусия президенти Владимир Путин телефондон сүйлөшүп, орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн делегациясы жолуга турган жерди такташкан. Анда Орусия президенти сүйлөшүүлөр үчүн Стамбулду тандаганы айтылган.

Ушул эле күнү Путиндин жардамчысы Владимир Мединский Орусия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы 29-30-мартта башталарын кабарлаган. Эки тараптын делегациясынын күн тартиби президенттердин деңгээлиндеги жолугушууну уюштуруу болуп саналат.

Түркия тарап 10-мартта да Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулебанын жолугушуусун уюштурган. Бирок тараптар бир пикирге келе алышпаганын жергиликтүү булактар жазып чыккан.

Бир айга созулган согуш: Украинадагы абал кайсыл жакка өзгөрөт?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM