Биз менен байланышыңыз

Доллар менен евро арзандап, күйүүчү май кымбаттады

Кыска кабар | 28 Мар 2022 | 157 | 0

Кыргызстанда доллар менен евронун курсу төмөндөп, алтын куймалары арзандап, күйүүчү май кымбаттады.

Ишемби күнү эртең менен долларды сатып алуу жана сатуу курсу 66 тыйынга арзандады. Ошондой эле еврону сатып алуу 1,26 сомго, сатуу 1,22 сомго ылдыйлады.

Улуттук банктын АКШ долларына расмий курсу 95,2404 сом деп белгиленген.

Ал эми теңгенин жана рублдин курсунда анчалык өзгөрүү байкалган жок.

Ошондой эле «Газпром нефть Азия» май куюучу жайлар тармагында АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 50 тыйынга, дизель майы 20 тыйынга кымбаттаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM