Биз менен байланышыңыз

Байден Орусиядан бийликти алмаштырууну талап кылбайт

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Мар 2022 | 824 | 0

Кечээ, 27-мартта АКШнын Ак үйү Жо Байден Орусиядагы бийликти алмаштыруу боюнча чакырык жасабай турганын кабарлады.

Байден Вашингтондогу чиркөөгө барган. Bloomberg журналисти Кортни Розендин айтымында, сыйынуучу жайдан чыгып келаткан АКШ прездентинен бир журналист: «Президент мырза, сиз Орусиядагы бийликти алмаштырууга чакырык жасап жатасызбы?» — деп сураган, Байден ага «жок» деп жооп берген.

Буга чейин 26-мартта Жо Байден Польша-Украина чек арасындагы качкындар лагерине барган. Ал жерден журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Путинди «касапчы» атап, Орусияда жакын арада бийлик алмашарын айткан.

Кийинчерээк Ак үй анын сөздөрүн тактап, «Байден Путиндин Орусиядагы бийлигин же режимди алмаштырууну талкуулаган эмес» деп билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM