Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бүгүн эки миңден ашык дарак отургузулду

Кыска кабар | 26 Мар 2022 | 397 | 0

Бүгүн 26-мартта Бишкекте эки миңден ашык дарак отургузулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров жана Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев “Ынтымак-2” сейил багында 30 түп клен, ясень, липа жана куш алча көчөттөрүн отургузушту.

Ошондой эле Ден соолук паркына «Мастерская счастья» уюму тарабынан 110 түп кайың отургузулду.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэри шаарга 2000 клен жана ясень көчөттөрүн белек кылды. Анын ичинен Калыс-Ордо конушуна миң, Мурас-Ордо конушуна 500, Ак-Босого конушуна 500 жаш көчөт отургузулду.

Белгилей кетсек, бардык көчөттөр “Жашыл Мурас” жашылдандыруу боюнча улуттук кампаниянын алкагында өткөрүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM