Connect with us

Футбол: Кыргызстан Өзбекстанга 3:1 эсебинде утулуп калды

Кыска кабар , Спорт | 26 Мар 2022 | 522 | 0

Кечээ, 25-мартта Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Navruz Cup-2022 эл аралык мелдешинин алкагында Өзбекстандын командасы менен беттеш өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмеси кабарлады.

Турнир 25-29-март күндөрү Наманган шаарында болуп, ага Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Тажикстан жана Уганданын командалары катышууда.

Кыргызстандын курама командасы жарым финалда Өзбекстан менен беттешип, 3:1 эсебинде утулуп калды.

Оюндун алгачкы чабуулунда эле «Акшумкарлар» эсепти ачкты. Кайрат Жыргалбек уулунун чыгарган тобун Мирлан Мурзаев мыкты соккусу менен голго айлантты.

Экинчи бөлүктө команда көбүрөөк коргонууда болуп, жыйынтыгында Шомуродов 64-мүнөттө эсепти теңеди. Оюн соңунда алмашууга чыккан Сергеев эки гол киргизди.

Ал эми мелдештин биринчи оюнунда Уганда менен Тажикстан курамалары беттешип, оюн 1:1 эсеби менен аяктап, Африка континентинин өлкөсү пенальти сериясында таамай болуп чыккан, эсеп 5:4.

Эми 29-мартта Кыргызстан Тажикстандын курамасы менен оюн өткөрөт.

Белгилей кетсек, мелдештин жобосуна ылайык, командалар плей-офф баскычында кез келип, жарым финалдык беттештер ойнолот. Жеңген командалар финалда, жеңилгендер үчүнчү орун үчүн беттеште кез келишет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM