Биз менен байланышыңыз

БШК Шайлообек Атазовду №29 Свердлов округунан жеңүүчү деп тапты

Кыска кабар | 25 Мар 2022 | 1114 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 25-мартта №29 Свердлов округунда өткөрүлгөн кайра шайлоону жыйынтыктоо боюнча отурум өткөрдү.

Анда талапкер Шайлообек Атазовдун үстүнөн жазылган «добуш сатып алды» деген арыз боюнча Свердлов РИИБнин кызматкери маалымат берип, факты далилденбегенин айтты.

Бул чечимге райондук прокуратура да макул болгонун атайын өкүл тастыктады.

Жыйынтыгында «№29 Свердлов округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Шайлообек Атазов жеңүүчү деп табылсын» деген чечим бир добуштан кабыл алынды.

Айта кетсек, 2021-жылы 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов округдарында «баарына каршы» добуш басымдуулук кылып, депутат шайланбай калган. Буга байланыштуу ушул жылдын 27-февралында кайра шайлоо өткөн.

Анда №27 Биринчи Май округунан Элвира Сурабалдиева 47,97% добуш алып, жеңүүчү деп табылган. Депутаттын төш белгиси жана күбөлүгү ушул жылдын 11-мартында тапшырылып, 16-мартта Жогорку Кеңеште ант берип, кызматына киришкен.

Ал эми №29 Свердлов округуна өткөрүлгөн кайра шайлоодо Абдурахманхажи Муртазалиев 17,54% добуш алып, жеңүүчү аталган. Бирок 9-мартта БШК анын талапкерлигин жокко чыгарган. Бул чечимди соттун бардык инстанциясы туура деп тапкан.

Мыйзам боюнча бир мандаттуу округдарда өткөрүлгөн шайлоодо добуштардын үчтөн бири, тагыраагы, 30%дан ашыгы жокко чыгарылган учурда кайра шайлоо дайындалат. Ал эми жокко чыккан добуш андан аз болсо, мандат добуштардын саны боюнча кийинки орунда турган талапкерге берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM