Биз менен байланышыңыз

Европанын үч өлкөсү Орусияга каршы 10 пункттан турган план иштеп чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Мар 2022 | 284 | 0

Европанын үч өлкөсү: Польша, Чехия жана Словакия Орусияга каршы 10 пункттан турган план иштеп чыкты. Ал жакында Евробиримдикке сунушталат. Бул тууралуу Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки жергиликтүү маалымат булактарына кабарлады.

Саясатчынын айтымында, үч өлкөнүн стратегиясында бардык орус банктарын SWIFT эл аралык төлөм системасынан ажыратуу камтылган. Болбосо, орус экономикасы бир нече аптадан кийин жаңы шарттарга ыңгайлашат.

Мындан тышкары Орусия кемелеринин, унааларынын Евробиримдиктин аймагына кирип-чыгуусун, Орусия жарандары үчүн Евробиримдикке виза ачууну токтотуу сунушталган.

Моравецки ошондой эле «Бирдиктүү Орусия» партиясынын бардык мүчөлөрүнө каршы санкцияларды киргизүүгө, Москваны эл аралык уюмдардын баарынан чыгарууга жана өлкөгө технологияны экспорттоого толук тыюу салууга чакырган.

Буга чейин Германия, Австрия жана Венгрия Орусия менен соода алакасын үзүүнү каалабай жатканы айтылган. Польшанын премьер-министринин айтымында, бул мамлекеттердин өкүлдөрү Москва менен соодада үзгүлтүккө учурагандай алысты көздөгөн тыянак чыгаруудан карманышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM