Connect with us

2-майда «Ташкент-Алматы» тез каттам поезди ишин баштайт

Кыска кабар | 25 Мар 2022 | 384 | 0

2-майдан тарта Өзбекстан менен Казакстандын ортосунда «Ташкент-Алматы» тез каттам поезди ишин баштайт. Бул тууралуу «Өзбекстан темир жолу» компаниясы билдирди.

Каттам жумасына үч жолу жолго чыгып, «Ташкент-Борбордук» темир жол станциясынан шейшемби, бейшемби, жекшемби күндөрү Казакстанга, ал эми «Алматы-2» темир жол станциясынан дүйшөмбү, шаршемби, ишемби күндөрү Өзбекстанга сапар алат.

Өзбекстан менен Казакстан эки жыл мурун токтоп калган «Нукус – Бейнеу – Нукус» темир жол каттамын 1-апрелде кайра ачат.

Ошондой эле жакынкы чет өлкөлөр менен темир жол байланышын калыбына келтирүү да каралып жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM