«Байрактар ТВ-2» учкучсуз учуучу аппараттары УКМКнын Чек ара кызматынын күжүрмөн нөөмөтүндө турат. Мындан ары өлкөнүн асманы жана чек арасы учкучсуз учактар менен кошумча кайтарылат. Бул тууралуу Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.
«Жакынкы 3-4 күндө аскердик окутууларды өткөрөбүз. Анда ошол «Байрактардын» күчүн көрсөтөлү деп жатабыз. Бүт дүйнө жүзүнө жарыя кылабыз, «Байрактар ТВ-2» учкучсуз учактарын да Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин күжүрмөн нөөмөтүнө алдык», — деди Ташиев.
25-мартта Чек ара кызматына жана ӨКМге техникаларды тапшыруу иш-чарасы өтүп, ага президент Садыр Жапаров катышты.
Былтыр декабрда Чек ара кызматына «Байрактар» дрону тапшырылган. Быйыл Кыргызстан бюджеттин эсебинен Орусиядан 55 ок өтпөс «Тигр» унаасын жана 50 КамАЗ сатып алды.