Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдөгү эң кары блогер 109 жашында каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Мар 2022 | 405 | 0

Дүйнөдөгү эң кары блогер Дагни Карлсон каза болду. Ал 109 жашта экенин TT маалымат агенттиги жазды.

Дагни Карлссон 1912-жылы Швециянын Кристианстад аймагында жарык дүйнөгө келген.

99 жашында интернетке кызыгып, компьютердик курстарга жазылган. 100 жашка чыкканда абышкасы Гарриден айрылган. Ошондон тарта Боян деген ат менен жеке аккаунтун ачып, анын аркасында чет өлкөлөргө да тааныла баштаган.

Блогер өз көрсөтүүлөрүндө ар кандай темаларды чагылдырып келген. Ал ошондой эле узак жашоонун сырын айтып жатып, кептин баары жакшы генде, туура тамактанууда, курчап турган дүйнөгө болгон кызыгууда экенин белгилеген.

Анын айтымында, эч качан «туура» болууга аракет кылган эмес жана диета кармап, өзүн кыйнаган эмес. «Идеалдуу болуу кызыксыз» деген фразаны дайым колдонуп келген.

Ал швед телеканалдарынын бир нече шоу-программаларына катышкан. Ошондой эле SVT телеканалынын «Жашоо 100дө башталат» аттуу даректүү сериалында роль жараткан.

«Мен май айында боло турган 110 жылдык мааракемди чакан кече өткөрүп, белгилегим келет», — деп жазып, ага атайын камданып жүргөн.

Эске салсак, январь айында Испанияда дүйнөдөгү эң кары адам Сатурнино де ла Фуэнте Гарсия каза болгон. Ага 112 жашта болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM