Биз менен байланышыңыз

Таиланд 1-апрелден тарта туристтерден ПЧР-тест талап кылбайт

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Мар 2022 | 284 | 0

Таиланд өлкөсү 1-апрелден тарта ПЧР-тест тапшыруу талабын алып салат. Бул тууралуу Таиланддын туризм башкармалыгы билдирди.

Мындай чечимди COVID-19 жараткан кырдаалды башкаруу борбору туристтер үчүн кирүү эрежелерин жөнөкөйлөштүрүү максатында кабыл алган. Ага ылайык, «чет өлкөлүктөр Таиландга кирерден 72 саат мурун ПЧР-тест тапшырышы керек» деген талап жокко чыгарылган.

Чет өлкөлүк саякатчылар эми Таиландга Дон Муенг, Суварнабхуми, Пхукет, Краби, Кох Самуи, Чианг Май, У-Тапао жана Хат Яй аэропорттору аркылуу, Нонг-Кхай, Удон, Тани, Сонгхла жана Сатун чек ара бекеттери аркылуу тоскоолдуксуз кире алышат. Ошондой эле мамлекетке Пхукет, Чонбури жана Сурат Тани деңиз жолу аркылуу барса да болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM