Биз менен байланышыңыз

Футбол: Катарда өтө турган Дүйнө чемпионатына 19 команда жолдомо алды

Кыска кабар , Спорт | 25 Мар 2022 | 635 | 0

Ноябрь айында Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпионатына дагы төрт команда жолдомо алды.

Кечээ, 24-мартта Азия аймагындагы турнирдин 9-турунун беттештери өтүп, жыйынтыгында Япония менен Сауд Аравия финалга чыкты. Япониялыктар тандоонун 2-турунда Кыргызстан курамасы менен бир тайпада ойногон.

Ошондой эле Түштүк Америкадан Эквадор менен Уругвай командалары жолдомо алды.

Учурда Дүйнө чемпионатына 19 команда: Катар, Германия, Дания, Бразилия, Франция, Бельгия, Хорватия, Сербия, Испания, Улуу Британия, Швейцария, Нидерланды, Аргентина, Иран, Түштүк Корея, Япония, Сауд Аравия, Эквадор, Уругвай барары белгилүү болду.

Футбол боюнча Дүйнө биринчилиги ушул жылдын 21-ноябрында башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM