Биз менен байланышыңыз

Европада күйүүчү май кымбаттап, нааразычылык акциялары көбөйүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Мар 2022 | 271 | 0

Европада бензиндин баасына байланыштуу массалык нааразылык акциялары токтобой жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Испан айдоочулары менен француз фермерлери бензиндин кымбатташына каршы нааразылык акциясына чыгышты.

Күйүүчү майдын кымбатташына кыжырданган француз дыйкандары мамлекеттик мекемелердин жана май куюучу жайлардын алдына кык төгүп, тосмолорду орнотуп, дөңгөлөктөрдү өрттөштү. Алар бааларга гана эмес, эмгек шарттарынын начарлашына да нааразы.

Ал эми Барселонада испан таксисттери эки жумадан бери маал-маалы менен иш таштоо уюштуруп жатат. Бийлик менен сүйлөшүү азырынча натыйжа бере элегин айтышат алар. Бензиндин кымбатташы ташуучуларга да тоскоолдук жаратып, дүкөндөрдүн азык-түлүк жок туруп калган учурлары көбөйгөнүн да маалымдашууда.

Эске салсак, бир нече күн мурун күйүүчү майдын кымбатташын токтотууну талап кылган немис айдоочулар Германиянын Гамбург шаарынын көчөлөрүнө 250 жүк ташуучу унаа менен колонна болуп чыгышкан.

Мунайга болгон суроо-талаптын жогору болушу жана ОПЕКтин өндүрүштү көбөйтүүдөн баш тартуусу бүткүл дүйнөдө бензин менен дизелдин кескин кымбатташына алып келди. Германияда транспорт жана логистика тармагы коркунучтуу абалга кептелди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM