Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан «Манас банкы» боюнча эл аралык сотто утуп алды

Кыска кабар | 25 Мар 2022 | 229 | 0

Ушул жылдын 23-мартында Франциянын Жогорку кассациялык соту Валерий Белоконь менен Кыргызстандын ортосундагы «Манас банкына» байланышкан көп жылдык талаш-тартышка чекит койгон чечим чыгарды.

Маалыматка ылайык, Франциянын Кассациялык соту ишти карап чыгып, Париж шаарынын апелляциялык сотунун 2017-жылдын 21-февралындагы чечимин күчүндө калтырган.

Белгилей кетсек, бул чечим акыркы болуп саналат. Белокондун Кыргызстанга карата доо арыздары башка жерде каралбайт.

Эске салсак, көп жылдык териштирүү иштери 2014-жылдан бери уланып келет. Алгачкы чечим боюнча Кыргызстан Валерий Белоконго таандык болгон «Манас банкынын» мүлкүн ээликтен ажыратканы үчүн 16 миллион доллар төлөөгө милдеттүү болгон.

Бирок буга Кыргызстан макул болбой, Париж сотуна апелляциялык арыз жазган. Алар 2017-жылдын 21-февралында ишти карап, «Франциянын эл аралык коомдук тартибине каршы келет» деген тыянак менен мурунку чечимди жокко чыгарышкан.

Copyright © 2017 Maral FM